ЗОМБУЛУКСУЗ КООМ – БАЛДАР ҮЧҮН КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, райондук ички иштер бөлүмүнүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте түзгөн иш планына ылайык, бүгүн Чоң-Алай районунда “Зомбулуксуз коом – балдар үчүн коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү. Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышты. […]