Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ФУТБОЛ АЯНТЧАЛАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫ

Бүгүн Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын жана Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага район башчысы – аким М.Шамырканов өзү катышып, аянтчанын лентасын кесип, жамаатты куттуктады. Аким өз сөзүндө спорт – жаш муундун тарбиясында, биримдикти бекемдөөдө жана ден соолукту чыңдоодо эң баалуу багыт экенин белгилеп өттү.

Жаш-Тилек айылындагы футбол аянтчасына Республикалык бюджеттен: 840 522 сом, жергиликтүү бюджеттен: 2 740 785 сом каржыланып, жалпы сметалык баасы: 3 581 303 сомду түздү.

Ал эми, Чак айылындагы футбол аянтчасына Республикалык бюджеттен: 1 478 647 сом, жергиликтүү бюджеттен: 2 100 000 сом каржыланып, жалпы сметалык баасы: 3 578 647 сомду түздү.

Аталган футбол аянтчаларынын курулушу 2024-жылы башталган.

Бул аянтчалар — жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга, келечектеги таланттуу футболчуларды өстүрүүгө, турмуштук дени сак жашоо образын жайылтууга чоң стимул болот.

Бул долбоор үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнө, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө жана эмгек сиңирген бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңы футбол аянтчабыз дайыма шаңга толуп, көптөгөн жеңиштердин, достук мелдештердин борборуна айлансын!

–––––––––––––––––––––––––––––––-

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук