Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков тиешелүү түзүлгөн жумушчу топ менен райондун аймагында негизги азык-түлүк товарларына, анын ичинде этке болгон бааны туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дароот-Коргон айылындагы базарда уюштурулган айыл-чарба жарманкесине катышты.
Түзүлгөн жумушчу топ тарабынан ишкерлерге, район аймагында азык-түлүккө болгон бааны туруктуу кармоону негизсиз көтөрүүгө жол бербөө түшүндүрүлүп, өз билемдик менен көтөрүп сатуу фактылары аныкталса аларга карата Мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөөрү эскертилди.
Бүгүнкү күндө райондун аймагында уйдун эти 680 сомдон, кой эти 670 сомдон, жылкынын эти 600 сомдон сатылууда. Негизинен, азык-түлүккө болгон баалар туруктуу, эл арасында нааразычылыктар жок.
––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





