ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРГЕ ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАДА ГАНА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздар жана документтер “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана кабыл алынат. Арыз берүү үчүн шилтеме: https://license.edu.gov.kg/ 2025-жылдын 5-декабрында саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт. Жаңы тартип санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча […]
БАЗАР БААСЫН ТУРУКТУУ КАРМОО

Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков тиешелүү түзүлгөн жумушчу топ менен райондун аймагында негизги азык-түлүк товарларына, анын ичинде этке болгон бааны туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дароот-Коргон айылындагы базарда уюштурулган айыл-чарба жарманкесине катышты. Түзүлгөн жумушчу топ тарабынан ишкерлерге, район аймагында азык-түлүккө болгон бааны туруктуу кармоону негизсиз көтөрүүгө […]