Эл аралык олимпиадада район намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтык жараткан Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тарабынан кабыл алынды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө аким Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн эл аралык олимпиадада англис тили предмети боюнча I орунду багындырган 11-класстын окуучусу Жалалидинова Сапаргүл Анаргазыевна жана 10-класстын окуучусу Токурова Бүайша Кудайназаровна менен жолугуп, алардын жетишкендигин жогору баалады.
Аким окуучуларды эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен куттуктап, бул жеңиш — жаштардын талыкпаган эмгегинин, билимге болгон умтулуусунун жана мугалимдердин үзүрлүү ишинин жыйынтыгы экенин белгиледи. Ошондой эле алдыдагы окуу жолунда дагы да чоң ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирип, белегин тапшырды.
Мындан тышкары, олимпиадага даярдоодо зор салым кошкон “Zeka+” окуу борборунун жетекчиси Г.Мурзабековага жана англис тили сабагынан окуткан мугалим А.Амирбековага ыраазычылык билдирилип, жаш муунду тарбиялоодогу эмгеги жогору бааланды.
Мындай жетишкендиктер билимге болгон камкордуктун жана биргелешкен эмгектин жемиши болуп саналат. Окуучуларыбызга мындан аркы жолунда ийгилик, жаңы жеңиштерди каалайбыз!
––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





