ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН АКИМ КАБЫЛ АЛДЫ

Эл аралык олимпиадада район намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтык жараткан Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тарабынан кабыл алынды. Кабыл алуунун жүрүшүндө аким Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн эл аралык олимпиадада англис тили предмети боюнча I орунду багындырган 11-класстын окуучусу Жалалидинова Сапаргүл Анаргазыевна жана 10-класстын […]