Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.12.2024-жылдагы №369
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде,
жарандык жоопкерчиликти, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо,
эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдо ынтымакты жана биримдикти бекемдөө максатында өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында Кашка-Суу айыл аймагы боюнча төмөнкү номинациялар ыйгарылды:
«Үлгүлүү айыл»
Жайылма айылы;
«Үлгүлүү аксакал»
Жайылма айылынын тургуну — Мурзамидинов Бусурманкул.
«Үлгүлүү байбиче»
Ачык-Суу айылынын тургуну — Бекташева Рабия;
«Нарктуу келин»
Кашка-Суу айылынын тургуну — Каримбекова Феруза;
«Үлгүлүү үй-бүлө»
— Кара-Кабак айылы. Мурзаканов Дуйшобай Колчокова Батма;
«Мыкты ата»
Кабык айылынын тургуну — Момунов Асат;
«Үлгүлүү жамаат»
Чоң-Алай райондук А.Молдополотов атындагы ЖДПБ нун Кашка-Суу филиалынын даарыгерлер жамааты;
“Мыкты ишкана” “Кыргыз-Чех Суу Компаниясы” ишканасы.
Кашка-Суу айылы.
Бул сыйлыктар — коомдогу биримдиктин, ынтымактын, эмгекчилдиктин жана улуттук баалуулуктардын даңазаланышы.
Бардык сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ийгиликтер улана берсин!!
————————————————-
Кашка-Суу айыл өкмөтү.





