Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча Макулдашууга кол коюу аземи өттү. Макулдашуунун тараптары катары жеке өнөктөш – «Вольт Хаш Кей Джи» ЖЧКсы жана мамлекеттик өнөктөш – Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы катышты. […]