Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Сен мыктысың – кичинекей жетишкендик, чоң сыймык!

Бүгүн, 2025-жылдын 1-июлунда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Маратбек Шамырканов Шибээ айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу Ферида Замирбековна Гайбылдаеваны кабыл алды.

Ферида “Сен мыктысың” аттуу теледолбоорго катышып, өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, тырышчаактыгы жана активдүүлүгү менен ийгиликке жетишкендиги үчүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, белеги жана куттуктоолору менен сыйланды.


Тарбия – үй-бүлөдөн башталат

Мындан тышкары, Ферида кыздын тайэнеси Анифа Амитовна Маатовага:

  • небересин татыктуу тарбиялаганы үчүн,
  • коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн,
  • башка ата-энелерге үлгү болчу мамилеси үчүн

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык баракчасы жана акчалай сыйлыгы тапшырылды.

📸 Иш-чарадан сүрөттөр

Бул сыйлык – келечек муунду шыктандыруунун жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоонун бир белгиси.

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук