Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ

2025-2030-жылдарга түзүлгөн Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча бекитилген иш-чаралар планына ылайык, 9 декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата Чоң-Алай районунун прокуратурасы тарабынан Чоң-Алай районундагы Ж.Газыбекова атындагы №44 кесиптик лицейи мекемесинин студенттери, ошондой эле, Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жана А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин жогорку класстардын окуучулары жана мугалимдери менен “Коррупцияга каршы бирге!” темасында тегерек стол болуп өттү.

Анда коррупцияга каршы аракеттенүү, ченемдик-укуктук актылар жана актуалдуу маселелер тууралуу лекциялар баяндалып, окуучулар тарабынан даярдалган сүрөттөр, видеороликтер боюнча талкуулар болуп, окуучулар кызыккан суроолорго жооп берилди.

–––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук