Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮ

Абдилдаев Исматилла Кудратиллаевич Ош Башкы суу чарба башкармалыгынын башкы инженер кызматына которулганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын 2025-жылдын 11-августундагы чыгуу №131 сандуу буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 30-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Тойчиев Нурбек Салайдинович Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери ээлеген кызматынан бошотулуп, Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы кызматына которуу тартибинде дайындалды.

Тойчиев Нурбек Салайдинович Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 1986-жылдын 3-августунда туулган.

Билими:

2008-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин География жана жаратылышты пайдалануу факультетинен “Колдонмо геодезия” адистигин аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

02.10.2008-жылдан 02.01.2009-жылга чейин “ФИНКА” микрокредиттик компаниясынын Оштогу филиалынын Кредит бөлүмүнүн эксперти;

02.02.2009-жылдан 30.11.2017-жылга чейин

Чоң-Алай райондук Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын АПУ жана ПСД боюнча инженери;

01.12.2017-жылдан 09.04.2019-жылга чейин №16 Жол тейлөө ишканасынын жол чебери;

20.08.2019-жылдан 07.04.2024-жылга чейин Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын I даражадагы инженери, суу пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

08.04.2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери болуп эмгектенип келген.

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук