Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Чоң-Алай финансы башкармалыгынын башчысы Нармаматов Бакыт Ашимович өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаевдин 2025-жылдын 17-июлундагы чыгуу №03/10992 сандуу сунуш катына ылайык, Атантаев Расул Атантаевич Чоң-Алай финансы башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Атантаев Расул Атантаевич 1990-жылдын 11-декабрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган.

Билими: 2013-жылы Россия Мамлекеттик Социалдык Университетинин Финансы жана Кредит факультетин аяктаган.

Адистиги: Экономист.

Иш тажрыйбасы:

01.08.2013-02.06.2015-жылга чейин

Чон-Алай райондук билим берүү бөлүмүндө эсепчи;

11.06.2015-01.04.2022-жылга чейин

Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигинин Чон-Алай финансы

башкармалыгынын финансылык-

бюджеттик координациялоо секторунун

жетектөөчү адиси;

01.04.2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин

Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигинин Чон-Алай финансы

башкармалыгынын финансылык-

бюджеттик координациялоо секторунун

башчысы болуп эмгектенип келген.

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке