Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Токтосунов Талантбек Тынычтыкбекович Араван райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна которулганына байланыштуу, ордуна Аттокуров Расул Мухидинович Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 30-20-беренелерине жана 18-берененин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылдын 6-августундагы чыгуу №179 сандуу буйругунун негизинде, Социалдык фонддун Араван райондук башкармалыгынын начальниги кызмат ордунан Социалдык фонддун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна которуу жолу менен дайындалды.

Аттокуров Расул Мухидинович 1994-жылдын 12-ноябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган.

Билими:

Академик М.М Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинин

Экономика жана башкаруу факультетинен экономист-финансист кесибин аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

– 04.04.2017-12.08.2021-ж. Чоң-Алай райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын пенсиянын төлөнүшүн көзөмөлдөө секторунун башкы адиси;

– 12.08.2021-08.02.2022-ж. Чоң-Алай райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары – пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы;

– 08.02.2022-18.01.2023-ж. Чоң-Алай райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары – жеке эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы;

– 18.01.2023-жылдан Араван райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.

–––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке