Бүгүн, категориясы S, SE, E болгон элиталык картошканын үрөнчүлүгүн Чоң-Алайдын бийик тоолуу шарттарына киргизүү жана өнүктүрүү процесси менен тааныштыруу максатында “Талаа күнү” өткөрүлдү.
Иш-чарага “Золото Долины” айыл чарба кооперативинин директору, “Араван Агро Сервис” өкүлдөрү, коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн чакырылган коноктор жана “Жар-Башы” айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү катышты.
Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, “Жар-Башы” айыл чарба кооперативинин директору С.Абдибалиев, “TES-центр” коомдук фондунун төрагасы М.Иметов куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Андан соң, “TES-центр” менеджери Р.Камалов “Жар-Башы” айыл чарба кооперативи жана картошканы өстүрүү схемасы, үрөнчүлүктөгү максаттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентация жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө супер-супер элита жана супер элита үрөндөрү тууралуу кызуу талкуу жүрдү.
–––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





