Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп өттү.
Коллегиялык жыйында райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2025-2026-жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө маселе каралып, жыйындын жүрүшүндө “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча даярдыктардын деңгээли тууралуу талкууланды. Жыйынтыгында билим берүү бөлүмүнө бир топ тапшырмалар берилди.
Андан соң, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппараттык жыйыны болуп өттү.
Аппараттык жыйындын күн тартибинде төмөнкү 3 маселе каралды:
1. Айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүнө комплекстүү текшерүү жүргүзүүнүн абалы жөнүндө;
2. 2025-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштерин уюштурууда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;
3. Райондун калкын жана бюджеттик мекемелерин 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси З.Шакиров баяндама жасады.
Күн тартибиндеги 2-3-маселелер боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын экономика жана региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы М.Жамалидинов баяндама жасады.
Аппараттык жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилип, убагында аткарылышы эскертилди.
Коллегиялык жана аппараттык жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин директорлору, МЧББУМнин жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
–––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы








