Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА УРМАТ-СЫЙ

Бүгүн, 1-октябрь – Карылар күнү. Бул күн ар бирибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени жашообуздун таянычы болгон улуу муунду урматтап, көңүл буруу – биздин ыйык парзыбыз.

Ага ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын тургуну 101 жаштагы аксакал Б.Ташматовдон жана Кашка-Суу айылынын тургуну Т.Канкелдиевдерден кабар алып, ар бир ардактуу карыяга көңүл бөлүп, алардын акыл-насааттары коом үчүн баа жеткис экенин белгиледи. Ошондой эле улуу муунга сый-урмат көрсөтүп, бекем ден соолук, узак өмүр каалады.

Ал эми, акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков жана район жетекчилери да улуу муундун өкүлдөрүнөн кабар алышып, алардын абалын сурап кайтышты.

Карылар – биздин тарыхыбыз, таалимибиз жана жол көрсөтүүчү улуу муунубуз. Алардын турмуштук тажрыйбасы, берген баталары – жаштар үчүн чоң байлык жана келечекке ишеним.

Биз ардактуу аксакал-апаларыбызды урматтап, аларды дайыма эскерип, камкордук көрүүгө милдеттүүбүз!

Улуу муунга терең таазим!

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук