Кыргыз Республикасынын Президентинин “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, бүгүн Чоң-Алай районунда көп балалуу энелерге 18 “Баатыр эне” ордени жана 25 “Эне даңкы” медалы тапшырылды.
Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, көп балалуу энелерди куттуктоо менен бирге, Эне – бул турмуштун башаты, жашоонун жарыгы, адам баласынын биринчи мугалими экенин баса белгилеп, энелерге бекем ден соолук, балдарынын сый-урматы, неберелеринин күлкүсү коштогон жаркын өмүр каалады.
“Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалын алган ар бир энелерге айыл өкмөттөрдүн белектери тартууланды.
Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





