Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

МУГАЛИМ ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ – ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ!

2025-жылдын 9-октябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы Маданият үйүндө Билим берүү кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага Чоң-Алай районунун акими М.Т.Шамырканов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ардагер мугалимдер жана агай-эжелер катышышты.

Алгач райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду жана эмгеги жогору бааланарын белгиледи.

Мугалимдердин эмгегин баалоо максатында, Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясы райондогу мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин арасынан 2025-2026-окуу жылынын аягында жыл мыктыларын аныктап, аларга материалдык-моралдык дем берүү боюнча 1 000 000 сом акчалай байге коюла турганын белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик милдетин мыкты аткарган, билим берүүдө мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен мугалимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мугалим-элибиздин келечегин калыптандырган, коомго жарык чачкан улуу кесиптин ээси. Бардык мугалимдерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайбыз!

––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук