Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Чоң- Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү “ЭҢ МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ” сынагында жеңүүчү болду!!!

2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиев, Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен “Ынтымак Ордо” имаратында “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнүн сыйлыктарын тапшыруу аземинде Кашка-Суу Айыл Өкмөтү жеңүүчү аталып, акчалай сертификат менен сыйланды.

Бул сыйлыктын артында күн сайын жасаган эмгек, үзүрлүү иш, жумушка болгон жоопкерчилик жана элдин ишеними жатат. Айылдын жашоосун жакшыртуу, инфратүзүмдү чыңдоо, социалдык долбоорлорду колго алуу – булардын баары жигердүү аракеттердин натыйжасы.

Сиздердин ийгилик – бул бүт айыл өкмөтүнүн, бүткүл районубуздун сыймыгы. Мындан аркы иштериңиздер дагы да өркүндөп, эл үчүн жасаган кызматтарыңыздар дайыма бааланып турсун!

–––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке