Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

“УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын жайылтуу жана анын маанисин терең түшүндүрүү максатында окутуу семинары болуп өттү.

Семинар Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө болуп, ага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, орун басары Б.Бакыбеков жана райондогу айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, дин тармагындагы жетекчилери, кызматкерлери, аялдар кеңештери, жаштар кеңештери, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Окутууну Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамырканов ачып, өз сөзүндө Жарлыктын маанилүүлүгүн белгилеп:

“Уңгужолу – бул улуттук биримдикти, руханий мурастарды, коомдун ынтымагын бекемдөөгө багытталган чоң кадам. Бул демилге ар бир жарандын жүрөгүндө жанаша жашап, күнүмдүк ишибизге дем, өмүрүбүзгө багыт бериши керек” — деп баса белгиледи.

Окутууну төмөндөгү белгилүү Насааткерлерден турган таанытым тобу өттү:

1. Абытов Байболот Капарович – тарых илимдеринин доктору, профессор, Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу.

2. Алтынбек Исмаилов – Алыкул Осмонов жана Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктардын ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу, акын, котормочу.

3. Солтоев Зарлык Акматбекович – тарыхчы, Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу.

4. Адилбек уулу Фурхатбек – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.

Семинардын алкагында катышуучуларга Жарлыктын мазмуну, андагы негизги багыттары, коомдук өнүгүүгө тийгизе турган таасирлери тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча улуттук дем, руханий биримдик, маданий мурастарды сактоо жана коомду бирдиктүү өнүгүүгө үндөгөн баалуулуктарга басым жасалды.

Окутуунун жүрүшүндө талкуулар уюштурулуп, ар бир катышуучу өз алдынча суроолорун берип, Жарлыктын практикалык колдонулушуна байланышкан сунуш-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк алды.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Уңгужолу” демилгесин бардык деңгээлде сапаттуу ишке ашыруунун мааниси белгиленди.

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке