Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО

Бүгүн Дароот-Коргон айылындагы А.Мамажакыпов атындагы стадиондо шайлоо өнөктүгүнө карата укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү.

Иш чарага Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.С.Абдирашитов, орун басары Б.Ж.Бакыбеков, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.К.Сарыков жана райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери өздүк курамы менен катышты.

Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.С.Абдирашитов шайлоо учурунда жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, коомдук тартипти мыйзамдын талаптарына ылайык камсыздоо, ар кандай чагымчыл аракеттерге ыкчам чара көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Райондо 18 шайлоо тилкеси бар. Шайлоо учурунда райондун аймагында коомдук коопсуздукту сактоого 143 кызматкер тартылат.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, райондук Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын тартуу менен “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта ЖК башкаруу органдарынын иш аракеттери” темасында штабдык машыгуу өткөрүү боюнча Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы № О217 сандуу буйругуна ылайык, атайын машыгуунун практикалык иш чарасы өткөрүлүп, Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары тизилди.

––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке