Кашка-Суу Айыл Өкмөтүнө Сметалык баасы 9 270 000 сом болгон CDM 615 OW Lonking маркасындагы заманбап экскаватор алынып келинди. Аталган техниканы сатып алууга райондук өнүктүрүү фондунан 6 870 000 сом, ал эми 2 400 000 сом өздүк салым катары каржыланды.
Жаңы экскаватор Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тарабынан расмий түрдө тапшырылды.
Бул техника айыл аймагында жолдорду оңдоо, ирригациялык тармактарды тазалоо, курулуш жана социалдык инфраструктура объектилеринде жүргүзүлүүчү иштердин сапатын жана ылдамдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аким өз сөзүндө алынган техниканын элдин жыргалчылыгы үчүн натыйжалуу колдонулушу зарыл экенин белгилеп, айыл өкмөтүнө жоопкерчилик менен пайдалануу тапшырмасын берди. Ошондой эле бул сыяктуу колдоолор аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга чоң салым кошоорун баса белгиледи.
–––––––·–·––––·––––·–––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





