КР УКМК тарабынан, ушул жылдын 17-декабрында Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын уюштурулду.
Жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын нааразычылыгын жаратып жаткан көмүрдүн баасы боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын катышуучуларына көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүү аркылуу жарандардын коомдук аң-сезимин манипуляциялоого жол берилбестиги тууралуу эскертүү берилди.
Ошол эле учурда көмүр казуу менен алектенген ишкерлер күз-кыш мезгилинде аларга отун базалары үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин көтөрүп, уюштуруу жана курулуш иштерин каржылоого даяр экендиктерин билдиришти. Бул маселени чечүү ашыкча чыгымдарды, тактап айтканда ортомчулук кызматтарды (көмүр ташуу боюнча) кыскартуу менен көмүрдүн баа саясатына таасирин тийгизери айтылды.
Жыйындын аягында катышуучуларга отун базаларын куруу үчүн Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактарындагы жер тилкелерин трансформациялоо боюнча жогорудагы маселе 2025/2026-жылдардагы жылытуу мезгили аяктагандан кийин карала тургандыгы, ошондой эле жылдын аягына чейин көмүрдүн азыркы учурдагы баасын төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылып, ал сунуштарга көмүр өндүрүүчүлөр жана сатуучулар түшүнүү менен мамиле жасап, макулдугун беришти.
КР УКМК көмүрдүн баа саясаты боюнча каралган мыйзам ченемдеринен тышкары атайылап саботаж жасоо аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
___________________________________
ГКНБ КР предупредил о недопущении искусственного повышения цен угля на территории Ошской области
ГКНБ КР 17 декабря текущего года, организовано совещание с представителями угледобывающих компаний, инвесторов ОАО «Кыргызкомур», владельцами топливных баз, посредниками и конечными реализаторами с участием работников местных органов власти г.Ош и Ошской области.
В ходе встречи обсуждены складывающаяся ситуация в области обеспечения населения Ошской области твердым топливом и вопросы формирования цен на уголь, что обуславливает недовольство населения региона.
Так, до участников было доведено о недопустимости манипулирования общественным сознанием граждан путем искусственного завышения цен на уголь.
При этом, предприниматели занимающиеся добычей угля подняли вопрос о выделении им земельных участков под топливные базы в осенне-зимний период и выразили готовность финансирования по их организации и строительства. Решение данного вопроса повлияет на ценовую политику угля путем исключения лишних расходов, а именно посреднических услуг (перевозка угля).
В завершении встречи, до участников совещания доведено о том, что вышеуказанный вопрос по трансформации земельных участков на территории г.Ош и Ошской области для возведения топливных баз будет рассматриваться после завершения отопительного сезона 2025/2026 гг., а также рекомендовано снизить имеющиеся в настоящее время цены на уголь до конца текущего года, на что последние отнеслись с должным пониманием и дали свое согласие.
ГКНБ КР предупреждает о том, что специальный саботаж по ценовой политике за уголь, выходящий за рамки норм законодательства, будет рассматриваться в уголовном порядке.





