Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №24-12172 сандуу катынын негизинде, 2025-жылдын 14-ноябрындагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-13/1964 сандуу тапшырмасына ылайык, жарандык жоопкерчиликти, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдо ынтымак жана биримдикти бекемдөө максатында, катта көрсөтүлгөн номинациялар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш-чаралар өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

Чоң-Алай айыл өкмөтү боюнча:

✅ “Үлгүлүү аксакал” – Жаш – Тилек айылынын ардагери Темирбаев Момбай;

✅ “Үлгүлүү байбиче” – Көк – Суу айылынын ардагер айымы Токурова Буусара;

✅ “Мыкты ишкер”- Дароот -Коргон айылынын тургуну Туратбекова Жибек;

✅ “Мыкты Ата” – Дароот -Коргон айылынын тургуну Мизамов Файзидин;

✅ “Мыкты үй бүлө” – Кызыл -Эшме айылынын тургундары Курбаналиев Санжарбек Даниярович, Сейдалиева Жаңыл Ибрагимовна;

✅ “Мыкты айыл”- Жар – Башы айылы;

✅ “Мыкты жамаат” – Кулчу айылы;

✅ “Демилгелүү мырза” – Ажибеков Абдумалик;

✅ “Мыкты насаатчы” – Тажакматов Садибаккас.

Кашка-Суу айыл өкмөтү боюнча:

✅ “Үлгүлүү аксакал” – Мурзамидинов Бусуманкул;

✅ “Үлгүлүү байбиче” – Бекташова Рабия;

✅ “Мыкты Ата” – Момунов Асат;

✅ “Нарктуу келин” – Каримбекова Феруза;

✅ “Мыкты ишкана” – Кашка-Суу Памир суусу;

✅ “Үлгүлүү көчө” – Кабык айылы Жаштык көчөсү;

✅ “Мыкты үй бүлө” – Мурзаканов Дуйшобай, Колчокова Батма;

✅ “Мыкты айыл”- Жайылма айылы;

✅ “Мыкты жамаат” – Чон-Алай райондук А Молдоболотов атындагы ЖДПБнын Кашка-Суу филиалынын жамааты.

Жекенди айыл өкмөтү боюнча:

✅ “Үлгүлүү аксакал” – Кара-Тейит айылынын ардагери Зулпукаров Абжапар;

✅ “Үлгүлүү байбиче” – Кара-Мык айылынын ардагер айымы Шамшиева Мастүра;

✅ “Мыкты Ата” – Чулук айылынын тургуну Гайыпов Рахмат Рахматула;

✅ “Нарктуу келин” Шибээ айылынын тургуну Көчкөнова Урмат;

✅ “Үлгүлүү үй-бүлө” – Жекенди айылынын тургуну Мамажусупов Паяз;

✅ “Мыкты айыл” – Кара-Мык айылы;

✅ “Мыкты жамаат” – Кара-Тейит айылынын Алыш-Сай жамааты.

Жогорудагы сыйлык ээлерине номинацияларды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков тапшырып, баарынын ийгилиги менен куттуктады.

Аталган жарандар айыл өкмөттөрү тарабынан атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

––––––·––––·–––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке