Бүгүн, 25-декабрь — жаңы жыл алдында, Чоң-Алай районунда IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган объектилердин ичинде Чоң-Алай районунда өндүрүш багытындагы 1 объект, б.а. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мал союучу жай онлайн форматта ачылып, пайдаланууга берилди.
Курулуш иши 2025-жылдын июнь айында башталып, декабрь айында аяктаган.
Долбоордун жалпы наркы — 24,8 млн сом.
Акыркы үлгүдөгү эмеректер менен камсыз болгон.
Күнүнө 7-8 баш ири мүйүздүү мал, 10 башка чейин майда мүйүздүү мал союу мүмкүнчүлүгү бар.
Аталган мал союучу жайда 5 жумуш оруну пайда болот.
–––––·–––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы




