Чон-Алай райондук жарандык коргонуу тутуму боюнча 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылда аткарылган иштер боюнча баяндама жасалып, жыл ичинде катталган өрт кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, алардын кесепеттери жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында райондун жетекчиси 2026-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча жана бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп аларды жоюу боюнча талкуу болуп тапшырмалар берилди.
––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





