Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков сынамык тесттен жогорку жыйынтык көрсөткөн окуучуларды кабыл алды.
Кабыл алууда билимге болгон умтулуусу жана тынымсыз эмгеги менен айырмаланган окуучулардын жетишкендиктери белгиленип, аларга ак батасын берип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Чоң-Алай районундагы SBS окуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу курсунда окуп жаткан 11-классынын окуучуларынын ичинен Сынамык тесттен жогорку балл алган 3 окуучуга Бишкек шаарындагы Нова окуу борборуна барып кошумча курсунан өтүп келүүсү үчүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын атынан колдоо көрсөтүлдү.
Жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулар: –
Сайдиллаев Бакай Жамалидинович — 215 балл;
Жалалидинова Сапаргүл Анаргазыевна — 200 балл;
Абдиламитова Нурмира Нурланбековна — 192 балл алышкан.
Бул колдоо жаштардын билимин тереңдетүүгө, алдыга максат коюп, келечекте өлкөбүздүн татыктуу адистери болуп чыгышына өбөлгө түзөт. Окуучуларга окууда ийгиликтерди, чоң жетишкендиктерди каалайбыз!
–––––––·––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай районундук мамлекеттик администрациясы





