Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков Кашка-Суу Айыл Өкмөтүнүн Бурган-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздарга барып, аларды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Жаңы жыл майрамдары менен куттуктады.

Куттуктоо учурунда акимдин орун басары жыл жыйынтыгы менен куттуктап, келе жаткан жаңы жыл тынчтыкты, биримдикти, бакубат турмушту жана мол ырыскыны алып келүүсүн каалады. Ошондой эле Памирлик кыргыздардын каада-салтын сактап, ынтымакта жашап жатышканын белгилеп, аларга чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалоолорун билдирди.

Мындай жолугушуулар эл менен бийликтин байланышын бекемдеп, улуттук биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.

–––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке