Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

АППАРАТТЫК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында жаңырган жылга карата кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жетектеп, ага мекеме-уюмдардын жетекчилери, түзүмдүк бөлүм башчылары жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылдын жыйынтыктары талданып, социалдык-экономикалык багыттагы аткарылып жаткан иштер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты, тартип жана мыйзамдуулук маселелери каралды.

Ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, айыл чарба, инфраструктура жана калк менен иштөө боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Аким ар бир тармак боюнча берилген маалыматтарды угуп, кемчиликтерди жоюу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, алдыдагы иш-пландар, маанилүү иш-чараларга даярдык көрүү жана жооптуу кызматкерлерге так мөөнөттөр белгиленди.

Аппараттык жыйындын соңунда аким жетекчилерге тартипти күчөтүү, кызматтык милдеттерди так аткаруу боюнча эскертүүлөрдү берип, коюлган тапшырмалардын аткарылышы катуу көзөмөлдө болорун белгиледи.

–––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке