Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Акимдер сыйланды

Бүгүн, 3-февраль күнү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратынын жыйындар залында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Ош облусунда камсыздандыруу жаатында жыл ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бул багытта жемиштүү эмгек кылып, олуттуу салым кошкондугу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары жана жети райондун мамлекеттик администрация башчылары — акимдер ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

———

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук