Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп өттү.

Коллегиялык жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Т. Шамырканов ачып, жыл ичинде аткарылган иштерге токтолду.

Жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана айыл башчылар катышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселе каралды:

Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдагы жыйынтыгы жана 2026-жылга карата милдеттер.

Күн тартибиндеги экономикалык тармак боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Абдирашитов баяндама жасады.

Социалдык тармак жана аткаруучулук тартип боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б. Бакыбеков баяндама жасады.

Ал эми токтомдун долбоору менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси З.Шакиров тааныштырып, талкуунун жыйынтыгында токтом бир добуштан, алымча-кошумчалары менен кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө аким М.Т. Шамырканов 2026-жылга карата бир катар маанилүү милдеттерди белгилеп, санариптештирүү иштерин улантуу, өндүрүштү өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу, таза суу, ирригация жана инфратүзүм маселелерине өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Ошондой эле жыл ичинде районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, аларга ыраазычылык билдирилди.

Күн тартибиндеги маселелер толук каралып, коллегиялык жыйын жыйынтыкталды.

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке