Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДАН ТОКТОЙТ

📌 Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 28.05.2025-жылдагы №284 токтомуна ылайык арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан токтотуларын жарыялайбыз.

📌 Андыктан жогорудагы мыйзам актыларынын талаптарына туура келген “өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү” бар, “айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз, шахмат түрүндөгү бош жерлери” бар жарандарды райондук жер мунапысы комиссиясына арыз менен 2025-жылдын 1-июлуна чейин кайрылуусун жарыялайбыз.

📌 Эскертүү: 28-29-30-июнь күндөрү Чоң-Алай районуна караштуу айыл өкмөттөрүнүн жер адистери графикке ылайык күчөтүлгөн тартипте иштейт. Андыктан кайрылсаңыздар болот.

––––––––––––––––––––––––––––––––

Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясы.

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке