Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

✅ Бүгүн 1-июлда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов 2024-2025-бүтүрүү окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн Чоң-Алай районунан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды.

🥇Чоң-Алай району боюнча эң жогорку 209 балл алган “Кыргызстан” орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Маматысакова Бүбүсара Эркинбаевнага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай сыйлык жана ыраазычылык баракчасын тапшырды.

📝 Андан кийинки жогорку балл алган төмөндөгү бүтүрүүчүлөргө:

📌 А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Юсупов Исламбек Ниязбекович;

📌 Ленин орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Турдукулова Каухар Коңурбаевна;

📌 “Көк-Суу” орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Абдраимов Адилет Абдималикович;

📌 К.Жапаров атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Куштарова Айседеп Абдикадыровна;

📌 “Ак-Суу” орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Жапарова Айзирек Ибрагимовналарга да Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын акчалай сыйлыгын жана жеке ишкер Б.Исматиллаевдин сертификаттарын тапшырды.

🗂️ Аким М.Шамырканов өз сөзүндө 11 жыл алган билимдерин, ата-энесинен алган тарбиясын туура пайдаланып, өлкөбүздүн, анын ичинде районубуздун өнүгүүсү үчүн салым кошо бериштерине ишенимин билдирүү менен бирге,

Кесип тандоо – келечекти тандоо демекчи, бүтүрүүчүлөрдү туура кесипке багыт алууга чакырып өттү. Анткени, өлкөбүздүн өнүгүүсү өз ишин мыкты билген, билимдүү кадрлардан көз каранды.

–––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук