Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөштү тандап алуунун жеңүүчүсү аныкталды. Долбоордо айкалыштырылган цикл технологияларын колдонуу жана эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген заманбап зыяндуу заттарды чыгарууну тазалоо тутумдарын орнотуу менен, белгиленген кубаттуулукту баштапкы этапта 10-20 МВттан келечекте 200 МВтка чейин […]