ИШКЕРЛЕРГЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Чоң-Алай районунун прокуратурасы тарабынан, Чон-Алай районунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерге жана ошондой эле ишкерлерди текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын катышуусунда ишкердик субъектилер жана бизнес өкүлдөрү менен пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, алардын укуктарын түшүндүрүү, консультациялык жардам көрсөтүү боюнча ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. –––––––––––––––––––––––––––––––– Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы