ОСАГО — бул автотранспорт каражатынын ээси башка адамдарга же алардын мүлкүнө зыян келтирип койсо, ошол чыгымдарды камсыздандыруу аркылуу жабууга арналган милдеттүү камсыздандыруу түрү.
ОСАГО эмнени камтыйт?
Жол кырсыгынан улам жабыркаган адамдардын дарылануусуна кеткен чыгымдар;
Башка айдоочунун автоунаасына же мүлкүнө келтирилген зыян;
Үчүнчү жактардын ден соолугуна келтирилген зыян.
Эмнеге ОСАГО керек?
Жол кырсыгы болгондо чыгымдар камсыздандыруу аркылуу жабылат;
Финансылык жоопкерчиликти жеңилдетет.
ОСАГО – унааларды камсыздандыруу бул биринчи адамдын өзүнө пайдалуу. Бир жылга камсыздандыруунун баасы унаанын көлөмү жана жылына жараша 1680 сомдон башталат.
Эч ким кырсыктабасын, кокустук болуп кетсе, камсыздандырылган учурда:
1. Унаа кырсыгында адам өлүмү менен коштолсо, курмандык башына 300 миң сомдон берилет.
2. Ден-соолук жабыркаса – 200 миң сомго чейин төлөнөт.
3. Ал эми унаанын алган чыгымына карап, 150 миң сомго чейин чыгымдын орду толтурулат.
ОСАГО полисин өз убагында жаңылап туруу керек. Жол коопсуздугу – баарыбыздын жоопкерчилигибиз!
Камсыздандыруу — күтүлбөгөн кырдаалдарда сиздин коргоочу калканыңыз.
–––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы