...

Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Чоң-Алай району — Туристтер үчүн

Чоң-Алай району — Кыргызстандын түштүк тарабындагы уникалдуу жаратылышка, тарыхый жана маданий мурас жайларына бай аймак. Туристтер бул жакта тоо альпинизмин, экотуризмди, улуттук маданиятты жана жаратылыш кереметтерин тааный алышат. Туристтик турларды уюштурган ишенимдүү агенттиктер: Ак-Сай Трэвел, Горы Азии, Silk Road Explore жана Kyrgyzstan Tours.

Ачык-Таш лагери

Ачык-Таш альпинисттик лагери

Пик Ленинди багындырууга даярдык көргөн альпинисттердин базасы. Кесиптик гиддер менен альпинизм жана экспедиция уюштурулат. Тур тууралуу маалымат

Дароот-Коргон музейи

Дароот-Коргон тарых музейи

Аймактын тарыхы, археологиялык табылгалар жана этнографиялык экспонаттар. Музей экскурсия жана гидавтык кызматтарды сунуштайт.

Алай-Памир тоолору

Алай-Памир кыркалары

Алай жана Памир тоо тизмеги альпинисттер, фотографтар жана жаратылыш ышкыбоздору үчүн эң мыкты аймак. Трекинг маршруттары

Кош-Дөбө жайлоосу

Кош-Дөбө жана башка жайлоолор

Салттуу көчмөн жашоо менен таанышуу, боз үй турлары жана этнофестивалдар өткөрүлөт. Этнотуризм маалымат

Туризмди өнүктүрүү пландары

2025–2030-жылдар аралыгында Чоң-Алайда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча план кабыл алынган. Анын ичинде муниципалдык туризм борборлорун ачуу (Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө), туристтик инфраструктураны кеңейтүү пландалууда.

Ачык-Таш лагери аймагында 0.5 га жерге кабыл алуу борбору куруу долбоору иштелип чыккан жана КОЙКА фондусуна сунушталган. “Чий” жана “Тегирмен” участогунда да инвестициялык долбоорлор каралууда.

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.