Бүгүн Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык жана Жекенди айылдарынын тургундары менен элдик жыйын болуп өттү.
Иш-чара бекитилген графикке ылайык уюштурулуп, ага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М.Шамырканов мекеме-ишканалардын жетекчилери менен катышты.
Жыйынга жергиликтүү тургундар активдүү катышып, калкты түйшөлткөн маселелер боюнча ачык пикир алышуу жүргүзүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн жаңыдан дайындалган башчысы З.Исмаилов учурда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.
Айрыкча жолдордун абалы, ичүүчү таза суу, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык колдоо маселелери кеңири талкууланды.
Аким жарандардын суроолоруна жана сунуш-пикирлерине өзгөчө көңүл буруп, көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине так тапшырмаларды берип, мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уланаарын билдирди.
––––––––––––––·–––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





