ЖАҢЫДАН ДАЙЫНДОО

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскарович 2026-жылдын 13-январындагы өз каалоосу менен жумуштан кетүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 14-январындагы №ӨК1 сандуу буйругуна ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын […]
АППАРАТТЫК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында жаңырган жылга карата кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жетектеп, ага мекеме-уюмдардын жетекчилери, түзүмдүк бөлүм башчылары жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылдын жыйынтыктары талданып, социалдык-экономикалык багыттагы аткарылып жаткан иштер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты, тартип жана мыйзамдуулук маселелери каралды. Ошондой эле билим […]