...

Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЭЛДИК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ.

Бүгүн Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу, Ачык-Суу жана Кабык айылдарында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун, Акимдин биринчи орун басары А. Абдирашүтов жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кудратиллаевдин катышуусунда элдик жыйын болуп өттү.

Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Элдик жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчынын бир жылдык аткарган иштери, 2026- жылга коюлган пландары боюнча отчет берилип, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калкты түйшөлткөн маселелери жана алдыдагы пландар кеңири талкууланды.

Айрыкча жол, таза суу, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык колдоо маселелери боюнча тургундар өз суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Районубуздун башчысы жана өкмөт башчы жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, ар бир маселе боюнча жооп берип, тиешелүү мекеме жетекчилерине районубуздун башчысы тарабынан так тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жарандардын көтөргөн маселелери көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде чечүү жолдору каралары белгиленди.

–––––––––––––––––––––––——————-

Кашка-Суу айыл өкмөтү.

Окшош билдирүүлөр

БАЗАР БААСЫН ТУРУКТУУ КАРМОО

Бүгүн, 2026-жылдын 17-февралында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов тиешелүү түзүлгөн жумушчу топ менен райондун аймагында негизги

ЭЛДИК ЖЫЙЫН

Бүгүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылында элдик жыйын болуп, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Жыйынга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.