Бүгүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылында элдик жыйын болуп, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Жыйынга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Шамырканов, биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кулов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Элдик жыйында айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча кеңири маалымат берилип, социалдык-экономикалык өнүгүү, жолдордун абалы, таза суу, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча аткарылган иштер жана алдыдагы пландар талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө тургундар тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жана сунуш-пикирлерге аким жана тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан так жана түшүндүрмө жооптор берилди. Ошондой эле жарандардын көйгөйлүү маселелери протоколго алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйын соңунда аким М.Т. Шамырканов элдик жыйындардын негизги максаты – эл менен түз байланыш түзүү, көйгөйлөрдү жеринде угуп, ыкчам чечүү экендигин белгилеп, жарандарды активдүүлүккө чакырды.
Элдик жыйын жарандардын сунуш-пикирлерин угууга жана жергиликтүү маселелерди биргеликте чечүүгө багытталган ачык баарлашуу аянтчасы катары жыйынтыкталды.
Мындан сырткары, жыл ичинде Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ар бир айылда эл менен жолугуу менен бирге, көйгөйлөр жеринде көрүлүп, чечүү аракеттери көрүлөт.
–––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





