...

Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Чоң-Алай районунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 24-июль күнү Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, акимдин орун басары, коллегия мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, медицина тармагынын кызматкерлери, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин жетекчилери жана айыл башчылары катышты.

Жыйындын башталышында аким М.Шамырканов жаңыдан дайындалган мекеме-ишканалардын башчыларын тааныштыруу менен райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге бир катар сыйлыктарды тапшырды.

Коллегиянын күн тартибинде:

Райондун 2025-жылдын биринчи жарым жылындагы социалдык-экономикалык жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыкка милдеттер жөнүндө маселе каралды.

Күн тартибиндеги маселе боюнча акимдин орун басары Б.Бакыбеков, аппарат жетекчи З.Шакиров жана экономика жана регионду өнүктүрүү секторунун башчысы М.Жамалидинов баяндама жасашты.

Өнөр жай жана инвестиция

2025-жылдын январь-июнь айларында Чоң-Алай районунда 35864,3 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 102,5% түздү (2024-ж. 6 ай — 110,0%).

2025-жылдын 6 айында жалпы 6 ишкердик субъект ишке киргизилип, 2024-жылга салыштырмалуу (2024-ж. -2 ишкана) 4 ишканага көп жана жалпы 23 жаңы туруктуу жумуш орду түзүлдү.

Финансы

Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар боюнча план 199,2%га аткарылып, 169768,7 миң сом көп чегерилди.

Инвестиция тартуу

6 ай ичинде жалпы 179,4,6 (108,4) млн сомдук инвестиция тартылды.

Билим берүү

2024–2025-окуу жылында 18 мектепте 5998 окуучу билим алып, 850 мугалим эмгектенди. Билим сапаты 50%.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 68,9% түзүп, 30 бала бакча жана 21 кошумча тайпа иштеди. Жалпы 2228 бала тартылган.

Камсыздандыруу

Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу — 16,7%. Мамлекеттик имараттар — 86.

Автоунаалар — 79.

Жыйын соңунда Аким М.Шамырканов ар бир тармак боюнча аткарылган иштерге токтолуп, кемчиликтерди жоюу жана экинчи жарым жылдыкка карата так милдеттерди койду.

–––––––––––––––––––_

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

КЫЗЫЛ СЫЗЫККА ЧЫККАН КУРУЛУШТАР

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов биринчи орун басары А.Абдирашитов, сектор башчы М.Жамалидинов, айыл өкмөт башчысы А.Кулов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Чоң-Алай финансы башкармалыгынын башчысы Нармаматов Бакыт Ашимович өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.