Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” №385 токтомунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарды берүү жана үй-бүлөлөрдүн оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна көмөк көрсөтүү аркылуу колдоо максатында социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берилүүдө.
2025-жылдын 11-август күнү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн убактылуу комиссиянын кароосунан 51 аз камсыз болгон үй бүлөнүн бизнес долбоору каралып, алардын ичинен 36сы тандалып алынды. Аларга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков 150 000 сомдук сертификат тапшырды.
Жалпысынан 89 аз камсыз болгон үй бүлөнүн бизнес долбоору жактырылып социалдык келишим түзүлүп, акча каражатын алышты.
2025-жылдын 23-майындагы №413-т тескемеге ылайык, Чоң-Алай районуна бөлүнгөн 251 квотанын алкагында социалдык контракт программасы ишке ашууда.
Бул иш-чара 2025-жыл аягына чейин уланат.
–––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






