...

Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТ ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” №385 токтомунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарды берүү жана үй-бүлөлөрдүн оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна көмөк көрсөтүү аркылуу колдоо максатында социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берилүүдө.

2025-жылдын 19-сентябрь күнү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн убактылуу комиссиянын кароосунан 32 аз камсыз болгон үй бүлөнүн бизнес долбоору каралып, алардын ичинен 31и тандалып алынды. Аларга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков 150 000 сомдук сертификат тапшырды.

Буга чейин 89 аз камсыз болгон үй бүлөнүн бизнес долбоору жактырылып социалдык келишим түзүлүп, акча каражаттарын алышкан.

2025-жылдын 23-майындагы №413-т тескемеге ылайык, Чоң-Алай районуна бөлүнгөн 251 квотанын алкагында социалдык контракт программасы ишке ашууда.

Бул иш-чара 2025-жыл аягына чейин уланат.

–––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

БАЗАР БААСЫН ТУРУКТУУ КАРМОО

Бүгүн, 2026-жылдын 17-февралында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов тиешелүү түзүлгөн жумушчу топ менен райондун аймагында негизги

ЭЛДИК ЖЫЙЫН

Бүгүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылында элдик жыйын болуп, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Жыйынга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.