Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мекеме жетекчилеринен, мектеп директорлорунан жана мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин жетекчилеринен жат жазуу алынды.
Жат жазуу 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 29.10.2025-жылдагы чыгуу №44-32 сандуу протоколдук тапшырмасына ылайык алынды.
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков өз сөзүндө, мамлекеттик тилдин колдонулушун камсыз кылуу, иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү, кызматтык жазышууларда жана иш кагаздарында тил нормаларын так сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолуп өттү.
Жетекчилерге тил мыйзамынын талаптарын бузууга жол бербөө, ички көзөмөлдү күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Алдыда тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө, методикалык жардам көрсөтүү жана билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштер улантылат.
–––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






