...

Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

КЫЗЫЛ СЫЗЫККА ЧЫККАН КУРУЛУШТАР

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов биринчи орун басары А.Абдирашитов, сектор башчы М.Жамалидинов, айыл өкмөт башчысы А.Кулов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө обьекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралары жөнүндө” №56 Жарлыгынын алкагында Чон-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон жана Жар-Башы айылдарындагы негизги жолдун жээгинде кызыл сызыкка чыгып курулган мыйзамсыз курулуштарды жылдыруу боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышып, кызыл сызыкка чыгып курулган курулуш ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Район боюнча кызыл сызыкка чыккан 263 (турак үй, сарай, гараж, соода түйүндөрү, тосмо) курулуш аныкталган. Бүгүнкү күнгө 166 курулуш жылдырылды.

–––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Чоң-Алай районунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 24-июль күнү Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Жыйынга Чоң-Алай райондук мамлекеттик

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Чоң-Алай финансы башкармалыгынын башчысы Нармаматов Бакыт Ашимович өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.