Бүгүн, 13-июнда Чоң-Алай районунда “Зомбулуксуз үй-бүлө” аталышындагы иш-чара өттү. Иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов баштаган укук коргоо органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери кызматкерлери менен ошондой эле, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү катышты.
Иш-чара атайын кызматтардын техникалары менен коштолгон жөө жүрүш менен башталып, сахналаштырылган көрүнүштөр, концерттик программа менен коштолду.
Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
_________________________
Чоң-Алай райондук мамлекеттик
администрациясы