Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскарович
2026-жылдын 13-январындагы өз каалоосу менен жумуштан кетүү жөнүндөгү арызынын
негизинде, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 14-январындагы №ӨК1 сандуу буйругуна ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүмүнүн
жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы №226 Жарлыгынын негизинде, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 14-январындагы №ӨК2 сандуу буйругуна ылайык, Исмаилов Замирбек Маматович Чоң-Алай районунун Жекенди айыл
өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жаңыдан дайындалган башчыны эмгек жамаатына расмий түрдө тааныштырды. Тааныштыруу иш-чарасынын жүрүшүндө аким жаңы жетекчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага алдыдагы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин мындан ары да натыйжалуу жүргүзүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, мыйзам талаптарын так сактоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми Т.Жайчибековдун эмгеги да өзгөчө белгиленди. Район акими анын кызмат өтөгөн мезгилиндеги жетишкен ийгиликтерине токтолуп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө жана жеке жашоосунда бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн:
Исмаилов Замирбек Маматович 1984-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган.
Билими:
2009-жылы Баткен Технологиялык Университетинен “Электр менен камсыздоо” адистигин аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
– 2005-2006-жж
Чоң-Алай райондук Аскер комиссариатында 1-бөлүмдүн башчысынын жардамчысы;
– 2006-2007-жж
Чоң-Алай райондук Аскер комиссариатында 2-бөлүмдүн башчысынын орун басары;
– 2008-2012-жж
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө жаштар саясаты боюнча жетектөөчү адис;
– 2012-жылдын апрель айынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык, маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис;
– 2014-2022-жж
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык, маданий маселелер боюнча башкы адис;
– 15.07.2022 – 01.07.2025-жылдары
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
– 01.07.2025-жылдан бүгүнкү күнгө чейин
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө Жер ресурстары, өсүмдүк өстүрүү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча (келишимдин негизинде) адис болуп эмгектенип жаткан.
–––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы



