География жана жаратылышы
Чоң-Алай району Кыргыз Республикасынын түштүк-батышында, Ош облусуна караштуу, тоолуу, чек арадагы, жаратылыш шарты оор аймак. Жалпы аянты — 485,7 км². Райондун борбору — Дароот-Коргон айылы.
Географиялык жактан район Тажикстан (батыштан) жана Кытай Эл Республикасы (чыгыштан) менен чектешет. Район деңиз деңгээлинен 2200–3100 метр бийиктикте жайгашкан.
Рельефи — Чоң-Алай өрөөнүнө мүнөздүү, тектоникалык кыймылдар, мөңгү, шамал жана температура өзгөрүүлөрү менен калыптанган. Райондо 2 геоморфологиялык аймак, 4 геоморфологиялык комплекс жана 9 тиби бар.
Климат шарты — өтө катаал. Кыш 6 айга созулат.
Абанын орточо температурасы:
— Кышында: −14.4°C
— Жайында: +15…+29°C
Жаан-чачын — аз, жылдык көлөмү: 500–650 мм.
Аймакта 9 дарыя (узундугу 10 кмден ашкан) жана 4 дарыя (10 кмге чейин) бар. Жайыт жерлер — 79 903 га, сугат жерлер — 4 321 га.